Назира Айтбекова ажырашканда стрессти кантип жеңди?

Алып баруучу Назира Айтбекова эки айры жолго түшкөндөн кийин мындай кыйынчылыкты кантип жеңди, кандай психологиялык жолдорду колдонду жеке Facebook баракчасы аркылуу жазып чыгарды. Анын айтымында, алып баруучуга ажырашуудан кийин «Кантип жеңдиңиз?»-деген өңүттөгү суроолор көп келет.

«…жүрөгүм канап атат. Кантип жеңдиңиз? Бул суроо сиңдилеримен, айрым учурда эжелеримен да келет. Кат эле келбейт, көз жаштар, ыза — муң, айласыздык келет күндө. Кантип жеңдим? Кулагыңды жапырып, көзүңдү таңып алып чурка! Бир саамга тыныгуу алсаң, жүрөгүңдүн муңун угасың. Токтобо, ал ый соруп кетет саз сындуу. Чырпынган сайын чыланып, белчеңен батып, жыйынтыгында жүрөгүң туңгуюкка кептелип, жылчыгы жок коркунуч, таарыныч жек көрүүдөн түзүлгөн караңгы ааламга айланат. Жарыкка чурка. Алаксы. Китеп оку, иште, эл менен аралаш! Жаңы жашоо башта. Убакытка уруксаат бер. Даарыласын, унуттурсун, айыктырсын. Бул дүйнөң ак — карага, жаман — жакшыга бөлүнбөйт экен. Туз сындуу. Өзүн алып карап көрсөң ачуу. Бирок тамакка кошо келгенде укмуш даамына чыгат. Оор күндөр да ошондой. Жаман адам деп жек көргөн адамың чындыгында сенин периштең, досуң экенинин кийин билесиң.  Ал сага жакшылык жасады бүгүн. Болуп көрбөгөндөй сонун сабак берди. Сага табылгыс мугалим болду. Жашооңду өзгөрттү, көзүңдү ачты. Балким ошол жол менен аягына чыксаң, жардан алыс учмактырсың. Жолуңду кайрып, туура жолго багыттагандыр. Ар бир окуядан жакшылык изде. Шүгүр кыл. Аңда! Ырахат ал! Учур чакка кел! Оюңду оңдо! Билесизби, айрым учурда мен да кыйналам. Ойго алдырып ийем. Бирок күрөшөм! Аракет кылам. Оңой эмес ал нерсе, билем. Күнөөлөбө, күнөөлүү сезбе! Уруксаат бер өзгөрүүлөргө, кабыл ал! Ошондо жеңил болот! Жакшы көрөм силерди. Жашоодо туздуу көз жаш төгүлбөсө, турмуш даамына, көркүнө чыкмак эмес!»-деп жазган.

Эске салсак, шоу бизнес чөйрөсүндө бир гана ажырашып эки айрылыш жолго түшкөн Назира Айтбекова эмес, мындай турмуштун даамын таткандар көп. Алып баруучунун жолдошу менен ажырашып жүргөнүнө бир жылдан ашты.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу