Мыктыбек Арстанбек, Кыргызстандын «Адал индустриясын өнүктүрүү» борборунун төрагасы: «Чет өлкөдөн адал экенине ишеним жок»

— Азыркы учурда кафе-ресторандарда массалык түрдө ооз ачтыруу жөрөлгөсү жүрүп жатат. Сиздин мындай ифтарларга көз карашыңыз кандай?

— Рамазан айындагы жакшы бир шаани-орозо кармагандардын оозун ачыруу. Адамдардын бири-бирин ооз ачыруусу тууганчылыкты, достукту, жакшы мамилени бекемдейт. Биз азыр карасак ооз ачырууга орозо кармабагандар, башка диндегилер, башка улуттагыларды да чакырып жатышат. Бул абдан кубана турган жөрөлгө. Бирок, эби-чебинен чыгып кетпеш керек. Кээ бир жерлерден көрүп калабыз. Өтө эле көп тамак коюлуп, дасторкон ашыкча оор болуп калган учурлар болот. Мындай нерселерди биз «орозого жарашпашайт го» деп айтабыз.

— Адал азыктарды колдонуу Кыргызстанда кандай жолго коюлган?

— Адал азыктарды колдонуу боюнча биздин өлкөдө акыркы алты-жети жыл аралыгында жакшы иштер жүрүп жатат. Азыр сертификат берүүчү орган катары биз 120дан ашык мекемелер менен иш алып барабыз. Ал жерде эт, сүт, нан, кондитердик азыктар үчүн атайын белгибиз бар. Бир эле Кыргызстан эмес, чет жактарга да чакырылабыз. Сертификатгарга чоң заводдордун кызыкканы жакшы нерсе. Болгону керектөөчүлөр адал маселесинде сертификат алган легалдуу логотип менен чыккан тамак-ашка өтсө, андан да жакшы болмок. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр биздин логотип менен гана чыгышууда. Бул биздин жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү да колдоо болуп эсептелет. Азырынча баары жакшы. Борбор Азияда адал маселеси боюнча Кыргызстан алдьңкы сапта. Адал азыктары боюнча биздин эл дагы билимдүү болушу зарыл. Тастыктаган сертификатын, белгилерин билиши керек. Башка өлкөлөрдөн келген азыктар 100% ишенимдүү деп айтуудан алысмын.

— Кандай азыктар менен ооз ачууну сунуштайсыз?

— Ооз ачуу адатта бир канча этаптан турушу керек. Эртеден кечке ач жүргөндүктөн, эң оболу курма менен ооз ачкан жакшы. Себеби, ал эң күчтүү углевод. Эки курмадан кийин суу. Суудан кийин жеңил тамактанып алган оң. Андан кийин намазды окуп бутуп, шамдан кийин күчтүүрөөк тамактануу керек. Мүмкүнчүлүк болсо чөп-чар менен көбүрөөк азыктануу жакшы. Мөмө жемиштерди ортолоп калганда Тараби намазы бүткөн учурда жесе болот. Ал эми саарлыкта углеводду азайтып, белокко, сүт азыктарына басым жасаган оң.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу