Мыйзам буйлалаган төө…

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абийирин жана кадыбаркын коргоо боюнча «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакуновага карата жазылган доо арызды кайтарып алды. Токтакунова менен Канатбек Азиз 2017-жылдын март айында Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача-СУ айылына кулаган учактагы жүктүн президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар» деген маалымат тараткан. Атамбаев муну жалган жалаа катары сыпаттаган, ал эми ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева юристтерди сотко берген. Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, юристтер 10 миллион сомдук айыпка жыгылган. Атамбаевге материалдык доону өндүрүп бериш үчүн эки юристтин айлыгы түшчү банктагы эсеби жабылган. Учурда Атамбаевге карата кырдаалды эске алганда, тескери чечим чыкты. Прокуратура, сот кимдин камчысы катуу болсо ошол жактын ырын ырдап, сырын сырдаарын ушундан билсек болот…

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу