Мухамедкалый Абылгазиев күйө баласын «Кыргыз Почтасына» биринчи орун басар кылган

 

Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин күйө баласы Урматбек Жакыпбековду «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына биринчи орун басар кылып дайындаган. Өкмөт башчынын кан досу Саламаттыкты сактоо министирлигин башкарса, Абылгазиевдин бир тууган иниси досу жетектеген министирликте баңги заттар башкармалыгын көзөмөлдөйт деп депутат Ырыскелди Момбеков айтып чыккан.

Буга чейин Иманкадыр Рысалиев «Ачык өкмөт» проектисинде жогорку кызматта иштей тургандыгы, ал премьер-министрдин бажасы экендиги ачыкка чыккан. Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу КТ мобайл компаниясында орун басар болуп иштеген. Ишке кире элек компаниядан 300миңден ашык айлык алганы кабарланып, коомчулуктун сынына калган. Ал эми Өкмөт башчынын бажасы өзү болсо 5000 евро айлык алат деп Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди.

Атасы менен баласын социалдык тармактын колдонуучулары кызуу талкуулап, анын кызматтан кетишин талап кылышкан. Жыйынтыгында майлуу-талкан кызматтан экөөбү тең кол жууган.

Президент аткаминерлерди жогорку кызматка туугандарыңарды койбогула деп айтканы менен анын сөзүн аткарбагандар көп. Коомчулук учурда премьер-министрдин ишмердүүлүгүнө канааттанбай, анын кызматтан кетишин талап кылууда. Мындай пикирге айрым депутаттар да кошулуп, М. Абылгазиев отставкага кетиши керектигин ачык эле айтып жатышат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу