МУРУНДУН ТҮЗҮЛҮШҮНӨ КАРАП ТҮГӨЙҮҢДҮ ТАП

– Мурундун түзүлүшүнө карап адамдын мүнөзүн, сексуалдуулук деңгээлин аныктап алууга болот,- дейт орус окумуштуусу Борис Хигир. Чындыгында эле окумуштуулар мурунуна карап адамды ар тараптан изилдеп келишет. Ал эле эмес, турмуш курууда мурундун түзүлүшүнө таянсаң, жаңылбайсың дешет. Башкача айтканда, түгөйүңдүн мурун түзүлүшү менен өзүңдүн мурун түзүлүшүң төп келиши керек экен.

Бул изилдөөнүн канчалык деңгээлде туура экенин так айта албайбыз. Ошентсе да сиздердин назарыңыздарга сунуштап көрүүнү туура таптык.

АДАМДЫН МҮНӨЗҮН МУРУН ТҮЗҮЛҮШҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮНӨ КАРАП АНЫКТОО

Кетирекей мурун Мындай мурун ээсинин акылдуу жана ишенимдүү экендигинен кабар берет. Кетирекей мурундуулар башкаларга жардам бергенди жакшы көрүшөт. Аларды ар дайым досторунун жана тааныштарынын чоң чөйрө­сү курчап турат. Анткени, мындай му­рундуулар башка менен тез тил табыша билген, кызыктуу сүйлөгөн адамдар болушат. Ошону менен катар булар ар дайым башкалардан өзгөчөлөнүп көңүл борборунда жүрүүнү сүйүшөт. Иште ийгиликтерге жана бийиктиктерге жетише алышат. Баштаган жумушун аягына чыгармайынча жаны жай албаган адаты бар. Мындай адамдарды аска-тоо сыяктуу жөлөк кылганга болот. Ошондой эле булар сүйүүсүнүн бекем болушун каалашат жана ошого аракет кылышат.

«Картошка» Мындай адамдар ак көңүл, кең пейил, айкөл мүнөз келишет. «Картошка» мурундуулар оор жана көп эмгек жумшаганда гана ийгиликке жетише алышат. Өздөрүнүн жөн­­дөм­дүү­лү­гүн башкаларга кыйынчылыктар менен көрсө­түшөт. Ошондуктан, көп жылдардан кийин гана жашырынып жаткан та­лант­тары ачылышы мүмкүн.

Куш мурун Мындай мурун көк­түктүн, өжөр­лүктүн белгиси. Булар өзү туура деп эсептеп алган ойду оңойчулук менен башкаларга бербейт. Бирок, кээде күчү жетпеген нерсени деле талаша беришет. Ушунун айынан көп учурда уруш чыгарып жиберишет.

Бүкүрү мурундуулар кең пейил болуу менен катар өздөрүнүн пайдасы үчүн гана күрө­шүүнү да унутушпайт. Ошондуктан, пайдасы тийе турган адамга көп ыкташат. Булар чыдамсыз келишкендиктен, башка жумуш үчүн колунда турган ишин таштап коё алышат. Сүйүү­нү болсо сексуалдык каалоону канааттандыруу менен алмаштырышат. Түбөлүк­түү чыныгы сүйүү бүкүрү мурундууларда дээрлик кездешпейт.

Кырдач мурун Мындай мурундун ээлери тунук ой жү­гүртө билген, кыраакы жана катуу мүнөз адамдар болушат. Мындай адамдарга ише­не берсе болот.

Түз мурундуулар башкалардан өзгөчө тарбиялуулугу жана социалдык абалынын жакшылыгы менен айырмаланат. Бирок, мындай мурундуулардын көпчүлүгү социалдык абалы боюнча өзүнөн төмөн адамдарды басынтып коюшат. Булар сүйүүдөгү «үч бурчтуулукка» көп кездешишет. Жалпысынан булар өзүн сүйгөн адамдар болушат. Карьераны болсо эч кимдин жардамына таянбай өздөрү жасашат жана карьерасынан тез көтөрүлүшөт.

Мыкты нике – эки түгөй жакшы айкалышат. Бул түгөйлөрдүн жашоого болгон максаты бирдей болот. Кыскасы, булардан мыкты үй­бүлө курулат. Канча жыл болсо да бири-бирине берилип жашашат.

Чыдамдуу нике – мындай никеде аял чыныгы кожойкенин талабына толук жооп бере албайт. Башкача айтканда, ал үйдө бала тарбиялаганга караганда карьера жасаганды биринчи орунга коёт. Эгерде ал эки жакты тең алып кетсе, анда үйбүлө сакталып калат. Анткени, күйөөсү шартка карабай ар дайым аялынан өзүнө көңүл буруусун, эркелетүүсүн, камкордугун күтөт. Ошол эле учурда аялга да күйөөсүнүн бир оокумга чейин болгон чогулуштарына, түгөнбөгөн командировкаларына чыдоого туура келет. Кыскасы, мындай нике өтө чыдамдуу эки адамдан түзүлөт.

Достук нике – адатта мындай нике мектеп партасынан же студенттик күндөрдөн бери бири-бирин жакшы билген түгөйлөрдүн никеси. Ошондуктан, алар бири-бирине өтө катуу бериле албаса да бири-бирин ага-карындаштай көрүшөт. Мындай түгөйлөр жашоосунда бири-бирин тымызын алмаштырып коюшу мүмкүн. Ошентсе да жашоосунун аягына чейин бирге өмүр сүрүшөт.

Түгөйлөрдүн бири-бирине төп келбөөсү – бул түгөйлөрдүн кызыкчылыктары такыр эле эки бөлөк. Тилекке каршы, бул үйлөнгөндөн кийин айкын болот. Мындан тышкары мындай никенин түгөйлөрүнүн экөөнүн социалдык абалдары ар түрдүү болот. Ошондуктан, булар үчүн жадагалса бир темада сүйлөшүү да кызыксыз. Жыйынтыгында, түгөйлөрдүн бири ичкиликке берилип кетет же болбосо өзүнө ойнош таап алат. Кыскасы, мындай никеде ажырашуулар же түгөнбөгөн үйбүлөлүк чыр-чатак көп болот.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу