Москвадагы кырсык. Чыӊгыз Анарбек уулунун жактоочусу сот өкүмүнө каршы доо арыз жазды

Москвада 7 кишини коюп кеткен таксисттин жактоочусу сот өкүмүнө каршы доо арыз жазды. Бул туурасында  interfax.ru жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жактоочу Павел Березин Чыңгыз Анарбек уулун үй камагына чыгарууну өтүнүүдө. Айтымында, Анарбек уулу Кыргызстандын Москвадагы Ордынкада жайгашкан конок үйүндө жашап тура алат.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү Москвада таксист унаа жолдон чыгып, тротуарда бара жаткан адамдар тобун коюп кеткен. Бул факт боюнча «Жол кыймылынын эрежесин бузуу» беренеси менен кылмыш иши  козголгон.

18-июнда Таган соту таксистти 2 айга камакка  алынган  болчу.

БУЛАК: saat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу