Москвадагы баштапкы билим алуучу балдар эми орус тилинен даярдоо курстарына барышат

Ушул жылдын 20 апрелинде Москва шаарында “Скоро в школу” аталыштагы балдардын сүйлөшүү клубунын ачылыш аземи болду.

Бул клубдун ачылышына Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А.Жекшенкулов менен Москвадагы кыргыз диаспорасынын жана кыргыз активистеринин коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу себеп болгон. Сыртта эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарынын жана балдарынын укуктарын коргоо ошондой эле бөтөн жерге көнүп кетишине мындай клубдар өбөлгө болот. “Агартуу Билим Борбору” мугалимдер ассоциациясынын жанан “Мир Вам” тил мектебининин волонтерлору орус тилин билбеген мекендештерге тез арада орус тилин үйрөтүүчү курстар ачылып, сентябрда биринчи класска кире турчу кыргыз балдарын мектепке даярдашмакчы.

Ачылыш аземине кыргыз коомдук организациялардын, москвалык атайын Фонддордун жетекчилери, “Этносфера” улуттар аралык билим борборунун башкы директору, Москва өкмөтүнүн алдындагы илим жана билим кеңешинин улуттук иштер комиссиясы Ю.Московский, “Добрососедство” эл аралык байланыш жана өнүктүрүү фондунун жетекчиси, Москвадагы мамлекеттик Лингивистика университетинин КМШ мамлекеттеринин тилдер кафедрасынын башчысы Ж.С.Хулхачиева, “Мекеним Ала –Тоо”коомдук организациясынын жетекчиси Ж.А.Бегиева жана Балдар сүйлөшүү клубунун окуучуларынын ата-энелери катышты. Келген конокторго жаш өнөрпоздор өзщ таланттарын тартуулашып, концерт да болду. Алыста экенине карабай беш жашар өспүрүм ”манас айтып алыстагы кыргыз элине аз да болсо Ала тоонун демин тартуулады. Ар бир өнөр тартуулаган балдарга китеп жана таттуу белектер берилди.

Орус тилине ынтызаар болгон балдарга алгачкы сабакты элчиликтин жаш достору болгон Ломоносов атындагы ММУнун 4-курсунун студенттери Полина Сбигнева, Карина Кашаф жана Луиза Барикзай бермекчи болушту. Бул студенттер 2015-жылдан тартып чет тил катары кыргыз тилин үйрөнүп келишет. Быйылкы жылы Кыргызстандын тарыхы жана маданияты боюнча дипломдук иштерин коргошмокчу.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу