Митинг-пикетке каршы ИИМ даярдык көрүп жатабы?

Учурда күн өткөн сайын саясий абал оорлошуп жатканын танып болбойт. Бир жагынан Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровдун жактоочулары митинг кылабыз деп жатат. Өмүрбек Бабановдун жактоочулары дагы митингге чыгышаарын билдиришти. Экс-президент Атамбаев башында турган КСДП Сапар Исакоө, Кубанычбек Кулматовду абактан чыгарууга 2 ай мөөнөт берип, талаптары аткарылбаса мөөнөтсүз пикет-митинг башташаарын эскертти.

Буга байланыштуу Өкмөт массалык башаламандыктарды уюштургандарды таратууда колдонулуучу атайын каражаттардын тизмесин бекитип даярдык көрүүдө. ИИМдин берген маалыматына ылайык, тизмеде коргоочу костюм, резина таяк, темир калкан, көздөн жаш агызуучу газ жана резина ок менен атуучу куралдар бар. Айтор кырдаал кыйындап калды…

Айткандай, ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев Молдомуса Конгантиевдин башынан өткөндү кайталабайын десе, күч колдоном дегенден алыс болушу шарт…

БУЛАК: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу