Инстаграм баракчасында катталуучулардын саны миллионго жеткен кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрүнүн катарын КР эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Мирбек Атабеков да кошулду.
Ал кечээ 1-майда инстаграмдагы катталуучуларынын саны бир миллионго жеткенине кубанып, буларды жазды:
“Менде буга чейин миллион катталуучу болгон эмес, абдан толкунданып турам, кубанып жатам”, -деп күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, инстагарам миллионерлеринин катарына ырчы Мирбек Атабеков жетинчи болуп кошулду.
БУЛАК: zaman.kg