Министрлер иргелбесе эл иренжип жатат

Министрлер иргелбесе эл иренжип жатат. Чу дегенде эле Саламат министри Космосбектен баштасак, башын космосту карай кайкалатып, кыйратып иш алып кеткендей 82 миң долларга боюнун кодогоюн  жабам деп бийик джип машина минип алып бир иренжитти. Маданият министрлиги үн катпай, дымып жаткандыктан гейлердин парады күч алды. Жыртык штан кийген кыздарыбыз, узун көйнөкчөн балдарыбыздын саны арбып башка өлкөлөрдүн маданияты арбап жатканына дагы иренжидик. Иши менен иши жок, каталардан ката болбойт деген билим берүү министринен болбосоң боло кал мындан да иренжидик. Чирик картөшкөнү төрүнө өткөзүп мандыраш болгон Мурашев айыл чарба министринен айла кеткенде иренжидик. Улам-улам бир көрсөтүүнү бир күн бою кечке кайталаган белимчи КТРК эфиринен иренжидик. Чимкириктерден, түкүрүктөрдөн, какырыктардан, сөгүн жеген соттордон иренжидик. Карап тура берген жалдырама кадрлардан иренжидик. Жемге тойбой жемсөөсүн толтурган жемкорлордон иренжидик. Элди ойлобой элди алдаган адистерден иренжидик. Эмне кылаарын билбеген ишмерлерден иренжидик. Эй итибайлар силерден иренжидик …

БУЛАК:  moderator.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу