Месси кимдин Кудайына айланды?

Футбол күйөрмандарынын арасында “Барселона” клубунун капитаны Мессинин сүрөтүн жогору илип ага таазим кылгандар жок эмес. Социалдык тармактарда “Оо Месси мени колдой көр ” деген да жазуулар арбын кездешет. Мындай көрүнүшкө Рим папасы Франциск аргентиналык футболчу Лионель Мессини Кудай деп атабоого чакырды.  «Теория жагынан алганда Мессини Кудай деп айтуунун өзү акмакчылык. Көрсөткөн мыкты оюнуна суктангандар аны Кудай деп айтышы мүмкүн. Бирок киши бир гана Кудайдын өзүнө сыйынуусу керек. Күйөрмандар аны «футбол кудайы» деп жүрүшөт. Албетте анын ойногонунда кеп жок. Бирок ал Кудай эмес», — деди Рим папасы. Ал эми көп күйөрман топтогон Лионель Месси — футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири.

Булак: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу