«Мекендештер» мигранттардын өлкөгө кошкон салымын талкуулайт

Чолпон-Атада 8-9-августта өтө турган «Мекендештер» форумуна президент Сооронбай Жээнбеков катышары айтылды. Төртүнчү ирет өтүп жаткан форумга буга чейин бир да жолу мамлекет башчысы катыша элек болчу.

Чет жактардагы кыргызстандыктардын башын бириктирген форумда бул жолу миграцияда жүргөн кыз келиндерге жана мигранттардын балдарына байланышкан көйгөйлөр талкууга алынат.

«Быйылкы өтө турган форумдагы негизги максат аймактарды өнүктүрүү деген маселеге басым жасап атабыз. Аймактарды өнүктүрүүдө мекендештердин орду, салымы кандай? мына ушул маселе каралат. Миграциядагы кыз-келиндердин акыбалы, алардын ролу, алардын Кыргызстандын өнүгүшүндөгү салымы ушул маселе дагы панелдик дискуссияда талкууга алынат. Биз «мекендештер форумуна» барабыз деп 28 өлкөдөн 100 дөн ашык мекендешибиз кайрылды. Баардыгы болуп 300 дөй киши катышат. Эл аралык уюмдардан, элчиликтерден, жаштар уюмдарынан, жергиликтүү жана жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө»,-деди форумду уюштуруп жаткан «Роза Отунбаеванын эл аралык фондунунун» эксперти Топчугүл Шайдуллаева.

Өткөн жылы аталган форум Ош шаарында «Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» деген ураан алдында өткөн эле. Быйылкы чакырыктар да ушуга үндөш. Форумда өлкөгө инвестиция алып келип жаткан эмгек мигранттарынын аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу кеп болот. Кыргыз мигранттары арасында чет жерде жүрүп, бизнесин түптөп, өзү башкаларга жумуш бергендей деңгээлге жетип, ирденип калгандары көп эле. Сыртта жүргөн мигранттардын жүрөгү, оюу, дили, максаты Кыргызстанды өнүктүрүү. Кыргызстанга колубуздан келген жардамды берип, мекенге кайра кайтып келүү. Ишкерлерибиздин максаты Кыргызстанга келип өздөрүнүн ишканаларын ачуу, инвестиция тартуу»-дейт Орусиянын Челябинск облусундагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Зыйна Бакирова.

Бирок, көп учурда мигранттар мекенине жөнөткөн каражат канчалык натыйжалуу пайдаланылууда деген суроо кабыргасынан коюлуп келе жатат. Алматы шаарында эмгектенип жүргөн кыргызстандык окумуштуу Дүйшөн Шаматов, учурда Назарбаев Университетинин доценти. Көп өлкөлөр инвестицияны билим берүүгө салып жаткан учурда биз дагы ушул жолго барсак дейт Шаматов.

» Казакстан өтө көп суммадагы акчаны жаштарына жумшап дуйнөнүн эң алдыңкы университеттерине жиберип, окуусуна шарт түзүп кайра мекенине пайда алып келгендей программа менен иштеп жатышат. Кыргызстанда дагы Акаевдин учурунда «ХХI-кылымдын кадрлары» деп башталган. Масштабы кичине болсо дагы жаштарды чет өлкөгө жөнөтүп Кыргызстанга пайдасы тийсин деп окуусуна шарт түзүшкөн, бирок көбүнчөсү чет өлкөлөрдө калып алардан пайда деле түшпөй калды. Мисалы Кыргызстандан 100 дөй адамды Гарвард, Оксфорд университеттерине жөнөтүп окутуп, кайра келгенде кучак жайып тосуп алып, алардан үйрөнүп келген билимин бул жактан пайдалансак, аларга иш орундарын тузсөк деген ой бар. Мамлекет мен үчүн шарт түзүп берди эми мен мамлекет үчүн эмне пайда келтирем — деп жаштардын ой-сезиминде өзгөрүү болобу деген оюм бар»,- дейт Назарбаев Университетинин доценти Дүйшөн Шаматов.

Мигранттардын капиталын да, тажрыйбасын да Кыргызстан үчүн пайдалануу керек дейт Топчугүл Шайдуллаева:

«Мисалы, Кыргызстандык Өмүрзакова Миргүл Алма-Ата шаарында компания ачып директор болуп иштеп атат. Анын Кыргызстанга салым кошсом деген оюу бар. Ал эми Сулова Аида Америка Кошмо Штатында жашап жүрүп Бишкектен «Асанбай» маданий борборун негиздеп азыркы учурда иштеп жатат».

Мекендештер форуму 2012-жылдан бери эки жылда бир өткөрүлүп келе жатат. Бул форум ар башка тармактын адистерин, мигранттарды, ишкерлерди бийлик жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн башын бириктирген өзүнчө бир иштиктүү чөйрө болуп калды.

Булак: БиБиСи

Аргумент.kg
Жооп калтыруу