Медетбек Айдаралиев май талканды сугунуп жатабы?

Мындан 10 жыл мурун башталган программа жемишин берип, кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруп келууде. Анын негизинде жыл сайын Түштүк Кореяга Кыргызстандан 350дөй адам кетет. Жакында дагы 116 адамга эмгек келишими келип, азыр жумушка кетчүлөр тандалууда. Тилекке каршы, тандоо жең ичинен жүрүп жатканы бизге жетти. Коррупциянын негизинде ишке ашууда деген дооматтар айтылууда. Маалыматтарга караганда, Өкмөткө караштуу миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев ишти жеке көзөмөлдөп, өңчөй жек-жаатын киргизип, капчыгын кампайтканга аракеттенип жаткан-дай. Тизменин жоон тобун жалалабаттыктар менен аксылыктар түзгөнү каңкууланууда. Бул эмнеси? Жердешчилик менен жерге киребизби?
Булак: «Де-Факто»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу