Медетбеков: Батыштын эксперттери Кыргыз-кытай мамилесин бузуу аракеттерин көрүшүүдө

“Эки мамлекеттин ортосундагы мамилени бузуп от жагуу процесстерине катышып жаткан кээ бир жаштарга өз пикирибизди билдирип мындан сак болуубуз керектигин айтып өткүбүз келет”,-деген оюн укук коргоо органдарынын ардагери, генерал- майор Артур Медетбеков тышкы саясатты талкулоого арналган маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз менен Кытайдын ортосундагы мамилени бузуу үчүн батыштын эксперттери акырын туура эмес маалыматтарды берип же болбосо ошонун деңгээлиндеги иштерди жүргүзүп жатат, ошондуктан биздин жаштар оюнчук болуп калбоосу үчүн муну терең ойлонуп, бүгүнкү күндүн талабына ылайык мамлекеттин кызыкчылыгына чечүү зарыл.

Эске салсак, 7-январда Бишкекте 200дөй адамдын катышуусунда митинг өтүп, анда кытайларга каршы пикирлер айтылган эле.

Булак: Говори тв

Аргумент.kg
Жооп калтыруу