Матраимовдун соту уланат

Бишкек шаардык сотунда бүгүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланышкан ишти кароо уланат. Буга чейинки отурумда сот өкмөт өкүлүнөн тийиштүү документтердин түп нускасын алып келүүнү талап кылган.

Кыргыз өкмөтү райондук сот чыгарган чечимге байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз менен 17-августта кайрылган. Ага чейин, 25-июлда Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Эл ичинде «Раим миллион» атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет» деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу