Лимон бетиңизди агартууга жардам берет. Кантип?

1.Беттеги сепкилден арылуу үчүн үй шартында жасалган лимон маскасы: Лимон ширеси менен балды бирдей өлчөмдө кошуп аралаштырып аласыз. Даяр болгон аралашманы бетке 20 мүнөт коюп, кайра жылуу суу менен жууп салуу керек.

2.Майлуу беттерге арналган маска: Бир жумуртканын белогун жакшылап аралаштырып, ага беш тамчы лимон ширеси кошосуз. Даяр болгон масканы бетке 10-15 мүнөт коюш керек. Андан соң жылуу суу менен жууп саласыз

3.Кургак бетке арналган маска: 1 аш кашык каймакка 1 аш кашык лимондун ширесин кошуп жакшылап аралаштырасыз. Муну деле бетиңизге 10-15 мүнөт сүйкөп, кайрадан жууп салуу керек.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу