Лавровдун Кыргызстанга сапары, Путин менен Жээнбековдун жолугушуусу – Жекшенкуловдун демилгеси

Өткөн аптанын башында өмүр бою тышкы саясатта иш кылган, 15 жылдан бери Орусиянын тышкы иштерин башкарган дипломатиянын «зубру» Сергей Лавров Кыргызстанга келип кетти. Сапар учурунда ал биздин ТИМдин жетекчиси жана мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, эки өлкөнүн мамилелери боюнча бир топ маселелер талкуулашты.

Ошол эле аптанын этегинде, президент Сооронбай Жээнбеков менен кыргыз эли үчүн дагы бир абдан олуттуу жолугушуу болуп өттү. Ишемби күнү Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарына Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барып, аны менен жолугушуп, Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары талкууланды. Жолугушууда эки тарап миграциялык саясатты, экономикалык аракеттенишүү маселелерин, ЕАЭБ алкагында биргелешкен аракеттерди көрүү боюнча жана эки элдин достук мамилелерин мындан да ары бекемдөөсүн сүйлөшүп, жолугушууну жакшы жана жемиштүү маанайда жыйынтыкташты деп айтылууда.

Ал эми бир топ саясат таануучулардын талдоосу боюнча, бир аптанын ичинде Кыргызстанга келип кеткен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сапарына да, Жээнбековдун Путин менен жолугушуусуна да Кыргызстандын Орусиядагы жаңы дайындалган элчиси Аликбек Жекшенкулов себепкер болгону айтылууда.

 

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу