КӨК БӨРҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШУУДАН БАШ ТАРТТЫ

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы 21-августта Казакстандын Астана шаарында башталган дүйнө чемпионатына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, чемпионаттын уюштуруучулары кыргызстандык команда күлүктөрүнүн арткы буттарындагы такаларын алып салышын талап кылган. Кыргызстандык көк бөрүчүлөр буга макул болбой   1-турда Моңголиянын командасына каршы  оюн талаасына чыккан жок.

Уюштуруучулар Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү 0:7 эсебинде утулду деп бүтүм чыгарып, андан кийин гана аттарынын такалары менен оюнга чыгууга уруксат беришкен.

Кыргызстандын командасы турнирге катышуудан баш тартып, артка кайтып келе жатышат.

Белгилей кетсек, бүгүн Казакстандын Астана шаарында көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу башталды. Алгач Кыргыз курамы менен Монголиянын курамасы кез келмек.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дө башталмак. Оюн талаасына Монголиянын командасы чыгып, Кыргыздар чыкпай койгон.

Мелдешке жалпысынан 12 курама команда катышууда жана алар 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы “А” тайпасына туш келген. Анда Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары бар.

Эске салсак, Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты Астанада 20-28-август күндөрү 12 команданын катышуусунда өтмөк.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу