Күч кимде?

Бүгүнкү күндө өлкөнүн калкы шайлоо оюундарынын кызыгына батып турган учуру. Айрымдары ар кайсы аймактан он миндеген адамдарды чогултуп, ураа-ураа дедиртип жатат. Бирок, шайлоо күнү ошондой болобу? Өткөндөгу парламенттик шайлоолорго эле көз жүгүртүп көрөлү. Кээ бир партиялар дагы дүңгүрөтүп эл чогултуп, бирок тосмодон өтпөй калбадыбы. Азыр болсо негизги эки талапкердин таймашы жүрүп жатат, экөөнө тең эл болушунча чогулууда. Реалдуу мүмкүнчүлүк кимисинде? Сооронбай Жээнбековду колдойм дегендер күндөн-күнгө көбөйүп жатканын аналитиктер баса белгилөөдө. Жер-жерлердеги активдүү жаштар тобунун маалыматтарына караганда, басымдуу көпчүлүк Сооронбай Жээнбековго басым жасап жаткандай. Бир эле штирх, айрымдары мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду Бабановду колдойм деп салам айтты дешсе, ал өзү чыгып алып жок, мен Жээнбековду гана колдойм деп жатпайбы. Иши кылып интирга кундөн-күнгө күчөп баратат.

БУЛАК:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу