Күндүн аптаптуу ысыгында көпчүлүгүбүз алсыздыкты, чарчаңкы абал менен уйкусуроону сезинүүбүз мүмкүн, өзгөчө түштөн кийинки убакта. Бул жумуш убактысында адамдын өзүн-өзү сергек сезүүсү үчүн кийинки кеңештерди сунуштайбыз:
— Жумуштун күч-кубатыңызга шай келүүсү. Мисалы, маанилүү, кыйын жумуштарды түшкө чейин бүтүрүп, ал эми түштөн кийинки убакта жеңил жумуштарды калтырыңыз.
— Узак отурбаңыз. Жумуш учурунда ордуңуздан туруп, көнүгүүлөрдү жасап туруңуз.
— Кофени көп ичпеңиз. Кофе уйкуну ачкандай болот бирок убактылуу гана. Чындыгында ал организмди алсыратып таштайт.
— Жагымдуу музыка угуңуз. Эгер Куран угууну кааласаңыз ал нервди тынчтандырып гана койбой, ден-соолугубузга өтө пайдалуу.
— Туура уктоо. Ал үчүн телефон, смартфонду уктаар алдында кем дегенде 1-2 саат мурда өчүрүп таштаңыз. Себеби алар тынч эс алып, эртеңки күнү сергек жүрүүңүзгө тоскоолдук жаратат.
БУЛАК: zaman.kg