Күйөөмдүн бир сөзү, жашоомду өзгөрттү…

Убагында жолдошум мага баа жеткис нерсени үйрөткөнүн билген эмесмин. Башында мен аны түшүнбөдүм, мурду балта кеспеген, өжөр, үй-бүлөлүк жашоо тууралуу түшүнүгү жок деп ойлодум. Убакыттын өтүшү менен гана, аныкы туура экенин билдим.

Биз үйлөнгөндө жаш эмес, бутубузга туруп калган, жашоодон ордубузду тапкан, ар бир нерсеге жеке көз караштары бар адамдар элек.

Биринчи күндөрүбүз ырахаттануу менен өтүп жатты. Андан кийин жаңы статусума баш отум менен кирип, биринин аркасынан бир ката кетире баштадым.

Килем тазалоо, таттуу токочторду бышыруунун пайдасы үчүн аэробика жана англис тили курстарымды таштадым. Күйөөмдүн жумушуна себепсиз чалып, сатып жаткан суу түтүкчөлөрүнө кызыга баштадым.

Жууркан тигип, майда-барат нерселерди чогултуп, шейшептердин эки тарабын тең үтүктөчү болдум. Кышкыга салат, кыямдардын түрүн жапканды үйрөндүм.

Идеалдуу үй кожойкеси болууга аракет кылып жүрүп, арыктадым, жүдөдүм, өзүмдү курмандыкка чалдым.

Ошол күн али да эсимде. Ноябрдын биринчи ишембиси эле, жамгыр нөшөрлөп төгүп жаткан. Эртең менен болгонуна карбастан ашкананын жарыгы жанып турган.

Күйөөм сүт ичип, сыр, эт жана помидор кесип жатканымды карап олтурган. Сүт эле ичээрин, эч кандай бутерброддун кереги жок экенин үч жолу кайталады. Мен сүйлөнүп коюп, тактаны жууй бердим. Акыры чыдабай кетип:

— Бери кара, мага кызмат кылуунун, түрлөп тамак жасоонун, унитазды стерилдөөнүн зарылчыгы жок. Биз бири-бирибизге кул эмеспиз! Мен сенин бүт өмүрүң эмесмин, анын бир гана бөлүгүмүн. Биз бактылуу кокустуктардан улам жолугуп, сүйүшүп, баш кошуп калдык. Бул экөөбүзгө тең жакшы болгон бир байланыш точкасы. Калганы – жеке өзүбүздүкү. Андыктан менин кызыкчылыктарымды баарынан өйдө коюунун, жакшы же жаман болуунун кереги жок. Кандай болсоң ошондой бол! Мен сүйгөн, жеңил, жүзү күлкүгө толгон, жаңылып калуудан коркпогон адам бол! Сен азыр мага сүңгүп кирип, көлөкөм болуп баратасың.

Айтты дагы, стаканын раковинага ыргытып, машыгуу залына кетип калды. Мен ашкананын ортосунда калдым.

Эрксизден көз жашымды жутуп, жууруп жаткан камырымды таштадым.  Бетимди жууп, англис тили мугалимиме чалып, толук жазылып бүтө элек аңгемемдин файлын ачтым.

Ошондон бери мен кожойке, жыртыктарды бүтөгөн тигүүчү, суу түтүкчөлөрүнө кызыккан менеджер эмесмин. Кызмат кылбайм, жагууга аракеттенбейм жана эч нерсени далилдебейм. Мен жөн гана менмин!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу