Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөгөндөн башка жолу жоктугун Кытай Эл Республикасынын элчиси Сяо Цинхуа айтып чыкты. Ал өз сөзүндө: «Кытайдын насыя-лары жеңилдетилген түрдө берилет. Кыргызстан анын пайдасын жакшы эле көргөнүн баарыбыз билебиз, Насыяны кайтаруу келишимдин негизинде болот. Кытай тарапта башка шарт жок» — деп кескин билдирүү жасады.
Ошондой эле, Кытай карыз бергенин жана ал каражаттын кандай пайдаланылганы Кыргызстандын ички маселеси экенин дагы кошумчалап, ТЭЦтеги ызы-чууңарга тиешебиз жок дегенди кыйытты.
Каржы министрлигинин маалыматыңда Кытайдын «Экспорттук-импорттук банкына» Кыргызстан 1 млрд. 711 млн. доллар карыз. Бул сумма жалпы сырткы карыздын 41,3 пайызын түзөт, деп жазат «Фабула» гезити.
Булак: «Фабула»