Кыргыз киносунун жылдызы Тауекел Муслим сүйүктүүсүн тапты

Кыздардын жүрөгүнө чок салган казак актёру Тауекел Муслимдин жүрөгүнүн ээси бар экени маалым болду. Бул тууралуу ал жергиликтүү теле каналдардын бирине берген маегинде айткан.

«Эми, кездешип жүргөн кызым бар, бирок качан үйлөнөөрүм белгисиз. Буюрган күнү элдин баары билет», -деген Тауекел сүйлөшкөн кызын азыркы учурда жакындары да жакшы тааный электигин айтты.

Белгилүү актёрдун сүйүктүүсү 21 жаштагы Айтурган аттуу кыз, ал шоу-бизнес чөйрөсүнөн алыс.

Ал эми актёрдун айрым күйөрман кыздары бул окуяга кайгырып жатышса, башкалары эки жашка бакыт каалашууда. Бирок соцтармактарга сүйүшкөндөрдүн чогуу түшкөн же чогуу жүргөн сүрөттөрү жарыялана элек.

Булак: Барометр 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу