Кыргызстандын төрт өлкөдөгү элчилери дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбековдун 15-январдагы жарлыгы менен Орусияга Аликбек Жекшенкулов, Түштүк Кореяга Динара Кемелова, АКШга Болот Отунбаев, Кытайга Канайым Бактыгулова элчи болуп дайындалды.

Алардын талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги сунуштап, аны Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети колдогон.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу