Кыргызстанда хит болгон ырлары деле жок ырчы, Гулнур Асанова журналисттерге акыл үйрөттү…

Кыргызстанда хит болгон ырлары деле жок, бирок буга чейин оор басырыктуулугу менен айрымаланган Гулнур Асанова эки күндөн бери өзүнүн жеке Инстаграм баракчасы аркылуу элди чууга салды. Өзүнүн жеке ийгиликтерин бармактап санап, тырмактап көрсөтүп, күйөрмандары тарабынан каттуу сынга алынды. Тилекке каршы, Гүлнур айым жазган шилтемесин өчүрүп салган. Буга чейин созолонуп жүргөн Гүлнур ырчы, баракчасына 2 миң сомдук акчаны пачкалап кармап турган сүрөттү коюп, кыргыз элине жана 4 душманына акыл үйрөткөн. (шилтемелер сакталуу) Ал душмандарын акыркы сааттардын ичинде ачыкка чыгара тургандыгын да жазып калтырган. Ал шилтемелерин тазалап, атпай журналистерге акыл үйрөткөн Гүлнур айымдын төмөнкү шилтемелерин толугу менен өзгөртүүсүз окурмандарга сунуш кылабыз.

“Буйруса закон чыгып жатыптыр, ушакчылар 20.000 айып пулунарды толоп журо берет экенсинер да! Ойлоп жатсанар керек жашырынып, бекинип аккаунт ача калып жок болуп кетсе болот деп, ГКНБ деген бар, заматта табат экен. Инстаграмдан ким кайсыл жактан кирип жатканы, ким аккаунтту сындырганга аракет кылып жатканы мага маалымат келип жатат, ал эми анан Укук Коргоо Органдары майда чуйдого чейин чууруп чыгат экен. Этият болгула биздин ушакчыларыбыз! Ден-соолугунарга бекер куч келет, ал тургай капчыгынар жукара тушот экен))) Бар тапкан айлыгынарды берип олтуруп калат экенсинер да буйруса! Эн сонун закон! Мага эле эмес, баарына жакты! p.s кызык эмес жашоон деп мага подписка кылып алгандарга кулкум келет. Менин акылым жайында, ойлонбонуздар! Ал эми торт адамдын аттарын атоого азырынча болбойт, анткени факт топтолуп жатат! Мен бетке суйлогон, чынчыл адаммын! Факт менен гана суйлошобуз буйруса! Ал эми бардык кыргыз элин ушакчы деген жокмун, таззза эле озунорго алдынар! Менин баракчама озум эмнени жазам, чыгарам озум билем да туурабы?! Мен идеялдуу эмесмин жумурай журтка жаккыдай! Соз ээсин таап, керек болсо олумуш болуп жазып жаткандарды окуп жатам! Баракелде! Мен эми олумуш болуп, баарынарга жаккым келбейт, жакпаймынбы анда жашыл жол! Катуу жазсам кечиргиле, сонун досторум, куйормандарыма тиешеси жок! Аларга алкыш! Анан комментарий жазып чарчадынар туугандар, жон эле койгула! Ыраазымын!

Урматтуу мен сыйлаган журналисттер! Журналисттик этиканы сактап, менин создорумду ортосунан, аягынан кескилебей, анан баягы эле эски теманы жанылык кылып чыгарбай эле койсонор! Алдын ала чон рахматымды айтам. –деп шилтеме калтырган.

Гүлнур айымга күйөрмандары жооп катары:

kontinenta8116Сен турмушка чыга элегинде аябай жакшы кыз элен турмушка чыгып эрден ажырашкандан кийин начар болуп кеттин……! – деген шилтеме жазган.

Баса, артист Гулнур айымдын анчалык журналистерге этиканы үйрөткөндөй, журналистер жолдон чыга элек экенин эсиңизге сала кетсек, майдалап айтканда сиз жөнүндө ким эмне деп СМС жазганына чейин “далилдер” толтура… Болгону “кыргызчылык-чылык” деп кармап турабыз.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу