Кыргызстандан 1 миллиард каражатты мыйзамсыз чыгарып кетишти

Кыргызстандан 1 миллиард каражатты мыйзамсыз чыгарып кетишти

УКМК чет элдик банктарды жана эл аралык төлөм системасын колдонуу аркылуу Кыргызстанда мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан схемасын аныктап чыкты. Маалыматта: “Т” аттуу конторанын өкүлдөрү “Э” аттуу фирма түзүшүп, алар Интернет жана маалыматтык-коммуникациялык каражаттар аркылуу оюндарга “ставка” катары төлөмдөрдү кабыл алып келишкени айтылат. Мыйзамсыз жол менен табылган кирешелер чет элдик төлөм системасы аркылуу чет элдик банктагы эсептерге чыгарылып турган. 2016-жылдан ушул мезгилге чейин көрсөтүлгөн фирма 1 млрд. сомдон ашуун каражатты башка өлкөгө чыгарып кеткен. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өткөн ыкчам-тергөө чараларынын негизинде аталган юридикалык тарапка караштуу 35,7миллион сом жана 31,1 миң АКШ доллары камакка алынды. “Э” фирмасынын директору жана чет өлкөнүн жараны (Ю. А.) УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Булак:Багыт кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу