“Кызыл шапкечендер” кылмышкерлерге айланып кеттиби?

Милицияга болгон ишеним буга чейин эле муздап калганын көрүп-билип жүргөнбүз, жыл башынан бери жасалган кылмыштар ого бетер суу сээп салды. Акыркы 2-3 жумада күндүн аралыгында укук сакчысынын катышы менен оркойгон үч кылмыш иши катталды. 21-январда Бишкекте мас абалдагы милиция кызматкери 29 жаштагы келинди автоунаасы менен коюп кетип, ал каза тапты. 29-январда Бишкек-Ош жолунда Жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери 11 жаштагы баланы машинеси менен коюп, жан таслим кылды. 30-январдаЧүйдө кыз зордуктоого шектүү катары Свердлов РИИБинин кызматкери кармалды. Бирок, ИИМ жетекчилиги бул иштерге ыкчам чара көрбөй, чабалдыгын көрсөтүүдө. Жок дегенде министр Кашкар Жунушалиев облустук жетекчилерге сөгүш берип, райондук жетекчиликти кызматтан алышы керек эле. Кызыл шапкечендер өтө чоң кылмыштарды жасаса дагы, эч нерсе болбогондой тымпыйып отурат. Баса, 2018-жылы милиция кызматкерлерине каршы 67 кылмыш иши козголуп, аталган кылмыш иштеринин негизинде 83 милиционерге айып коюлуп, жоопко тартылыптыр. Кылмышкерлер менен күрөшчү орган «кой терисин» жамынып алган го, ыя?

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу