«Кызыл дипломду» жокко чыгаруу сунушталууда

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Билим АКИпресс билдирди.

Сунушталган өзгөртүүлөрдүн бири артыкчылык дипломдоруна таандык. Студенттердин жетишкендиктерин санариптик, тамгалык жана упайлык баалоо системасынын киргизилгенине байланыштуу, алардын берилишин жокко чыгаруу сунушталууда.

Ошондой эле, өзгөртүүлөрдүн арасына — упайларды бааларга же тескерисинче бааларды упайларга которуу киргизилди. «Келечекте «D» баасын алган студент жайкы семестр учурунда кайталап окугандан кийин кайра сынак тапшыра алат. «F-өздөштүрүлгөн эмес», баасын кийинки окуу семестринде толук кайталап окугандан кийин гана окутуунун наркын төлөө менен кайрадан тапшыра алат», — деп айтылат негиздеме-маалымкатта.

Электрондук билим берүү технологияларын колдонуу менен жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолорду жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жогорку окуу жайдын ички документтери менен аныкталат. Аталган пункт ички документтердин алкагында жогорку окуу жайга билим берүү технологияларын колдонуп, аныктоого мүмкүндүк берет, деп эсептешет Билим берүү министрлигинде.

Андан тышкары, Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Анын курамынан факультеттердин декандарын, кафедра башчыларын, административдик башкаруу персоналынын өкүлдөрүн, ЖОЖдордун жетекчилерин бир эле мезгилде иш берүүчүлөрдүн үлүшүнүн көбөйүшү менен МАКтын курамынан четтетүү сунушталууда.

Ошондой эле, коррупциялык схемаларды алдын алуу максатында МАКтын төрагасы жок болуп калган кырдаалда комиссияны анын орун басары жетектейт жана комиссиянын ишин уюштуруп, көзөмөлгө алат.

Мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыгын жүргүзүүдө МАКтын катчысына профессордук-окутуучулук курамдан адамдарды, илимий кызматкерлерди же ЖОЖдордун административдик ишмерлерин дайындоо сунушталууда. Мамлекеттик аттестациялоонун катчысы добуш берүү укугуна ээ болбойт жана архивде 75 жыл сакталган жыйындардын портоколдорунун ишин алып барат. Демек, протоколдор сабаттуу, так, ачык-айкын жазылып, сөзсүз түрдө бүтүрүүчүлөрдүн жоопторуна мүнөздөмө менен болушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу