Кыздарга кеңеш: Жигитке катты кантип жазыш керек?

Жигитиңе эмне деп жазышты билбей, жарым сааттан бери смартфонуңдун экранын тиктеп олтурасыңбы? Капа болбо, биз сага  жардам беребиз.

“Мен сени … үчүн сыйлайм”

Бул кат жигиттин өзүнө болгон ишенимин жогорулатып, аны баалай турганыңды көрсөтөт.

«Бүгүнкү матчка эки билет алып койдум. Даярданып тур!»

Аны таң калтыр. Алганды гана эмес, бергенди да бил.

«Сонун досторуң бар экен!”

Достору менен тааныштыргандан кийин, мыкты достору бар экенин жазып койсоң ыраазы болот.

«Кеңеш бергениң үчүн рахмат!»

Кеңешин уккандан кийин ыраазычылык билдирүүнү унутпа.

«Бүгүн мен үчүн жаман күн болду, бирок сени менен жолугуп өзүмдү жакшы сезип калдым”

Жигитке анын өзгөчө же уникалдуу экенин бат-баттан айтып турсаң, мамилеңер бекемделет.

“Дароо жооп бербей эле койсоң болот. Бош эмес экениңди билем. Иштериңди бүтүргөндөн кийин жазып кой”

«Кайда жүрөсүң?», «Эмнеге дароо жооп бербейсиң?» деп жазсаң жигит кача баштайт. Ал эми мындай билдирүү аны түшүнө турганыңды көрсөтөт. Сени мурдагыдан да катуу баалап калат.

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу