КУУнун студенти: Биздин талабыбыз аткарылбаса, нааразылык акциясына чыгабыз

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетинин студенттери окуу шартына нааразы болушууда. Студенттер учурда университеттин ректору Канат Сыдыковдун наамына арыз жазып, студенттердин колун чогултушууда. Бул тууралуу 4-курстун студенти Алымбек Бектурганов билдирди.

«Бизди 8-окуу имаратына 2017-жылдын 1-сентябрында которуп салышты. Биз буга чейин башкы окуу имаратында окуп келгенбиз, 8-окуу имаратында окуу үчүн шарт жок. Биз ректорго кайрылып, бизди башкы имаратына кайрадан көчүрүүсүн талап кылып жатабыз. Жакында студенттердин колу коюлган кайрылууну ректорго жолдойбуз», — деди ал.+

Ал эгерде студенттердин талабы аткарылбаса, анда университеттин алдына нааразылык акциясына чыгууга студенттер даяр экенин кошумчалады.

Эске салсак, аталган университеттин Журналистика факультетинин теле жана радио студиялары жана факультетке тиешелүү болгон интернет класс башкы окуу имаратында жайгашкан.

Азырынча бул боюнча окуу жайдын жетекчилиги үн ката элек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу