Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды…

Куудул жана алып баруучу Гүлжайна Атаканова кечээ инстаграм баракчасына сыйланган Ардак грамотанын сүрөтүн жүктөп “Кара-Суу элиме ыраазычылык билдирем. Кара-Суу Айыл Өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаровко рахмат айтам”,- деп ыраазылыгын билдирди.

Грамотадагы бир нече грамматикалык каталар катталуучулар арасында дароо сынга алынып, башка социалдык тармактарга тарап кетти.

Ошол эле айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров талкуу жараткан грамота тууралуу үн катып, фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди:

«Кара-Суу айыл өкмөтү менен 2017-2018-жылдар аралыгында тыгыз иш алып барышкан, ар-тараптуу жардам көрсөтүшкөн демөөрчүлөрүбүз “Ардак грамотасы” менен сыйланышкан эле. Грамотанын текстин өз телефонумдан ватсап аркылуу жибергем. Чыгарган жерден тексттерде “өзгөртүүлөр” болуп кетиптир.Бул “каталарды” атайын кылганбы же кокустукпу…. текшерилет.

Кол коюп жаткан учурда убакыт тар болгондуктан, текстке маани бербегендигим үчүн жоопкерчилик өзүмдө.Грамоталарды кайра чогултуп, оңдоп берүү тапшырмасы берилди»,-деп жазды Бекназаров.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу