КУМТӨРСҮЗ ДЕЛЕ КИРЕШЕ ТАПСА БОЛООРУ АЙТЫЛДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков Кумтөрдөгү алтын казуунун көлөму кыскарарын, мындан улам тоо-кен тармагындагы киреше 2 миллиард сомдон ашпай каларын эске салды. Мына ушундан улам биздин өкмөт өзгөчө жеңил өнөр жайы менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө басым жасап, алтын казуунун кирешесинен көз карандылыгын жойсо болот деген ойду айтты «Демек бул кемтикти башка өндүрүш менен толтуруу керек. Бүгүнкү күндө өнөр жайдын абалы алтын казуу жана аны экспорттоого байланыштуу. Бул жааттагы өзгөрүү биздин өнөр жайды артка тартат. Мындан улам өкмөт алтын казуудан тикелей көз каранды болгон абалга каршы турууга жөндөмдүү концепцияга өтүшү керек», — деди Жээнбеков. Президент каражаттын жетишсиздигинен мамлекет өнөр жайдын бардык тармагына жардам берүүгө алсыз экенин белгилеп, жеңил өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатына басым жасады. Мамлекет башчы эгер бул тармактарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлсө, эселеп киреше алууга болорун кошумчалады.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу