Куйтуланган Рыспаев, аягы көрүнбөгөн тергөө

УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде маалымат берип, Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан мамлекетке 89 миллион 699 миң сомдон ашык зыян келгенин айтты. Анын айтымында, бул акчанын 12 миллиону авариянын кесепеттерин жоюуга сарпталган.

Ал эми 2018-жылдын 27-январынан 2-февралына чейинки убакытта жылуулук үчүн абоненттерге кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп, мындан улам 77 миллион сомдон ашык каражат бюджетке түшпөй калган.

Ал ортодо ТЭЦтеги окуяга байланыштуу камакка алынгандардын тергөө иштери создугуп,
козголгон кылмыш иштерин иликтөө мөөнөтү узартылды. ЖЭБдеги кырдаал боюнча жал-пысынан төрт кылмыш иши козголгон. Анын негизинде «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын орун басары Нурлан Садыков, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев, анын орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов баштаган энергетика тармагындагы ишканалардын ошол кездеги жетекчилери, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, парламент депутаты, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кармалып, УКМК тергөө абагында отурушат.

Дал ушул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев ТЭЦти модернизациялоодогу коррупция, авариялык иштер боюнча парламент моралдык гана жоопкерчилик тартарын айтып, алдын-ала өзүн укуктук жоопкерчиликтен качырууда. Себеби Рыспаев комитет жетекчиси катары кол койгон. Демек камалгандардын арасында төрдө отурушу керек болчу.

Тилекке каршы, алаканга токтобой жылмышып: «парламент коллегиялык орган болгондуктан укуктук жоопкерчиликке тартылбайт»,- деп суудан кургак чыгууда.

Күнөөнү өзүнө жолотпой, жалпы парламентке артып куйтуланууда.

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу