Кычыраган кыштагы күтүүсүз келген суук далай былыкты чубап чыкканы калды көрүнөт. Дегенибиз, шалаакылыктын айынан элди тоңдурган «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомунун техникалык директору Михаил Кургановдун 50 батири бар экендиги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров айтып чыкты.
Эл өкүлү Курганов жаңы курулган турак жайларды жылуулукка кошуп бергени үчүн батирлерди баласынын фирмасы аркылуу алып жүргөнүн билдирди. Бул жемкорлуктун жеткен чеги эмеспи. Бир эле батир канча акча турат?
Жазалоочу органдар ушундай коррупционерди тизгиндесе элден аброй топтомок…
Булак: «Де-Факто»