Кубанычбек Кадыров: “Атамбаевдин Сейит, Сейтек деген эки баласы “Автомаш-Энерго” аркылуу электр энергиясынан ай сайын 2-3 млн доллар жейт”

Жаңы элек камактан чыккан Кубанычбек Кадыровдун “Жаңы ОРДО” гезитине берген маеги…

—Атамбаевдин токтот деп суранганына карабай коррупциялык иштерди ача баштасаңыз, ал киши менен катуу айтышкан күндөр болдубу?

—2010-жылы Атамбаевдин кабинетинде экөөбүз катуу айтышканбыз. Коррупциялык иштерди ача баштаганымда ичи күйүп кетти. Ал кишинин оозу жаман эмеспи. Уят сөздөр менен сөгүнө берет. Мен депутат болуп жүргөндө, көпчүлүк депутаттарды, кол алдында иштегендерди ыплас сөздөр менен сөкчү. Мени бир да жолу сөккөн эмес эле. 2010-жылы кабинетинде жолукканда сөгүнүп, ыплас сөздөрдү айта баштады эле, “Оозуңузга келген жаман сөз менен сөгүнө бербеңиз! Жалгыз эле сиз революционер эмессиз! Сизди бийликке алып келгендердин бири менмин!Мындан кийин сиз вице-премьер, мен ИИМ министринин орун басары катары гана жолугабыз!” деп ордуна коюп, чыгып кеткем. Жумушка келгенде бир саатка жетпей телефонго жансакчысы Болот Сүйүмбаев чалып “Шеф чалып жатат” деди. Атамбаев өзү “Иним, мен катуу кетип калдым” деп өзү айткан.

Атамбаев саясий атаандаштарына кылмыш ишин козгоп, камап, саясий талааны тазалаганга аракет кылды. Ал киши эмнеден коркту?

—Ал коррупционерлердин атаманы болуп калганын билди. Биз муну ачык айтып келдик. 50 миң тираж менен гезит чыгарып, элге тарата баштаганбыз. Эрнест Карыбеков азыр да мыйзамсыз камалып олтурат. Ал Атамбаевдин Сейит, Сейтек деген эки баласы “Автомаш-Энерго” аркылуу электр энергиясынан ай сайын 2-3 млн доллар жеп жатканын цифралар менен айтып берди. Бишкек ТЭЦке Казакстандан көмүр алып келүүдө млн долларлак желип жатканын айта баштады. Атамбаев чындык чыгып кеткенден коркуп кетти. Биз чындыкты айтып жатканда азыр кыйын болуп жаткандардын 90-95 пайызы окопто башын катып жатышкан.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу