КТРКнын жетекчиси Адил Турдукулов болобу?

Коомдук активист Адил Турдукулов КТРКнын жетекчилик кызматына өз талапкерлигин коёрун журналисттерге билдирди. Ал бул кызматта өзүн сынап көргүсү келгенин, 17-февралга, дедлайнга (документтерди тапшыруунун акыркы күнү – ред.) бир күн калганда документтерин тапшырат. Турдукулов каналды бийликке көз каранды кылбай финансылык жактан да өз алдынча кылуунун жолдорун билээрин айтты.

“Азыркы күнгө чейин КТРКга мамлекеттик бюджеттен көп өлчөмдө каражат коройт. Каналдын 60% мамлекет каржылайт. Бул өлкө казынасы үчүн оор чыгым алып келүүдө. Муну кыскартуунун жолу ашыкча штаттарды жок кылуу ”,- деди Турдукулов.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 19-мартында КТРКнын азыркы директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү соңуна чыгат. Учурда бул орунга ачык түрдө өз талапкерлигин Адил Турдукулов гана көрсөттү. Андан тышкары эл арасында бул кызматка “5-Каналдын” директору Эрнист Кыязов же КТРКнын директорунун орун басары Шайырбек Абдрахманов келээри айтылууда.

Булак:KyrgyzToday

Аргумент.kg
Жооп калтыруу