КСДП чет элдик агентпи?

Жакын арада Кыргызстан “ооруп” калышы мүмкүн. Ал “вирустун” аты КСДП. Аталган вирус өлкөнү четинен каптап жатпаса да, бара-бара өнөкөт ооруга айлануусу ыктымал. Биринчи симптомдору пайда боло баштады. Ал Шоопурдун партия үчүн 150 миң долларды бизнесменден алганы тууралуу маалыматты “троллинг-иттерге” салып берди.

Кантип? Жөнөкөй эле, Икрам Илмиянов бул каражатты президенттик шайлоо алдындагы шайлоо кампаниясына коротту деген жалган (фейк) маалыматтарды таратуу менен. Форумдун мактанган политтехнологдору мындан башка чындыкка коошпогон маалымат таба алышкан эмес. Же болбосо «элди көк мээ» санашып «ишенчек эл ишене берет» деген ойдо жүрүшөт. Бирок, калптын камырын жууруп жаткан бул политтехнологдордун маанайы түшөөрү анык, себеби КСДП азыркы күнгө чейин чет өлкөдөн жана оффшорлор аркылуу каржыланып турат.

Буга бир нече далил бар. Алыс кетпей, “эсдектердин” тарыхындагы кытайлык издерди алсак болот. 5 млн долларды акыркы болуп Кытай коммунисттери «белекке» беришкен. Ал убакта өтө чоң чыр да чыккан. Ошол кезде КСДПнын «идея ойлоп тапкычы» Фарид Ниязов жардам партиянын өзүнө эмес, Жогорку Кеңеш аркылуу келди деп актана баштаган. Бирок ага ким ишенет? Парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу буга жооп кайтарып, Жогорку Кеңештин тарыхында бир дагы жолу Кытайдан техникалык да, консультативдүү да жардам келбегенин айтып чыккан.

Муну менен бийликтин партиясы болгон КСДП акыркы президенттик шайлоого чейин чет элден каржыланып жатканын билсек болот. Себеби, шайлоо фондунун каржылоосунун ачыктыгынын жоктугу, ошол эле кезде бул партия чет элден жана бюджеттен каржылануу мүмкүнчүлүгүндө болгон. Ошондо бизде ким “чет элдик” агент болуп калат?

Укук бузууну башка өңүттөн деле байкаса болот. Физикалык жактар реалдуу демөөрчүлөрдү жашырып, каражаттарды которгон, акча бергендер ачык айтылган эмес. Алар деле батынып жүзүн ачалбады….

Бул эмнени далилдеп турат? Ачыгын айтканда, айрым партиялардын ишмердүүлүгүндө кылмыш ишин аныктоого мүмкүнчүлүк бар.

Айтмакчы, КСДПны каржылаган кээ бир компаниялардын тамыры чет өлкөлүк бенефициарларда жатып,  мүмкүнчүлүктөрү кенен болгон. Бирок бул партиянын юристтерине бериле турган суроо. Жогоруда айтылгандардын негизинде, башкача айтканда КСДПнын юристтери көмүскө каналдардан келген каржылоодогу кылмыш иликтөөлөрүнө даяр болушу керек.

Булак: «telegra.ph»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу