Комитет жыйынын кааласа өтүп, каалабаса өтпөй койгон Кожоке

Өткөн шейшемби, 12-февраль күнү Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин кезектеги жыйыны өткөн жок. Бул көрүнүш биринчи жолу эмес, буга чейин бир нече жолу кайталанды.

2 жума катарынан комитет өтсө, үчүнчү жума болбой калат. Андай эмес десе далилдеп деле беребиз. Же эмне аталган комитет карай турган маселе калбай калдыбы? Кылаарга иш жок болуп атабы? Комитеттин эки тизгин, бир чылбырын колго мыкчып олтурган Кожобек Рыспаев каалаган күнү комитет өтүп, каалабаса өтпөйбү?

Энергохолдинг боюнча, ошол эле жалпы энергетика тармагы боюнча, жер-казынасы боюнча суроо-талаптар курчуп турганда бул тармактарды тескей турган бакандай комитеттин жыйыны үзгүлтүккө учурап жатканы кызык болууда. Кожобек Жайчыбекович бул комитетти өткөн чакырылышта да жетектеген, бул чакырышта дагы кызыл-чеке болуп талашып атып башына келген. Эми иштесин да…

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу