Клара Алибекова: «Мени зордуктоого аракет жасаган адам арызымды кайтарып алышымды суранып жатат»

Ырчы Клара Алибекова аны видеого тартып, интернетке таратып жиберген милиция кызматкерлерине чара көрүлүшүн талап кылат. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-октябрда билдирди.

Айтымында, аны видеого тартып интернетке таратып жиберген милиция кызматкерлерине жөн гана эскертүү берилген жана ишке баа берүү үчүн тергөө органдарына жөнөтүлгөн.

«Милиция кызматкерлери менден кечирим сурап, арызымды кайтарып алуумду өтүнүп жатышат. Бирок мен буга макул эмесмин. Мени бүтүндөй элге уят кылган адамдар жаза алышын талап кылам», — дейт ал.

Мындан сырткары ырчыга ошол күнү кол салып, зордуктоого аракет кылган деп шектелген адам анын таанышы болуп чыккан.

«Мен анын үстүнөн да арыз жазгам. Ал дагы арызымды кайтарып алууну айтып, маселени өз ара чечишүүнү өтүнүп жатат», — дейт ырчы.

Эске салсак, буга чейин интернетке «Клара Алибековага ким кол салды?» деген аталыштагы видео тараган. Видеодон ырчынын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Бирок милиция кызматкерлеринин бири ырчыга «Крышаң кетип калган жок беле?» деген суроо узатып, анын айткандарына кайдыгер мамиле жасаганы тартылган.

Бул иш боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, Патрулдук милициянын 3 кызматкерлери дисциплиналык тартиптин негизинде жоопко тартылганын жана окуя боюнча чогултулган материалдын баары юридикалык баа берүү максатында тергөө органдарына өткөрүлүп берилгендигин ИИМдин басма сөз кызматы маалымдаган.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу