Ким премьер-министр болот?

Сапар Исаков өкмөт башына келгенден бери 6 айдан ашты. Башынан «Лигласс» сыяктуу иштерге аралашып, андан кийинкилери да оңунан чыкпай, эл астында жөндөмсүз кадр катары баалана баштады. Соңку эле «Акылдуу шаар» долбоорун алалы, мунусу да жарабай калды. Эми ТЭЦтеги коррупциялык элементтерди депутаттык комиссия толук кандуу ачыкка чыгарса, өкмөт башчы катары Сапардын «соодасы» бүтөт да. Эмесе, ордуна кимдерди карасак болот? Учкай талдоо жүргүзүп көрөлү.

Иса Өмүркулов тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер, чоң саясатчы катары бышып турат. Эгерде өкмөт башына келсе, «технократтардын» чалакайым иштери заматта оң жолго салынып, «бузулган машине» тез арада ырааттуу жолго түшмөк. Бүгүнкүдөй парламенттин жана президенттик институттун астында түшүнбөстүктөр жаралбайт эле. Бажы биримдигине байланыштуу бир топ көйгөйлөрдү чечүүдө роль ойноп, ички жана тыштагы «тоңгон муз» эрийт болчу. Себеби, ал кайсы тармак болбосун, көйгөйдөн арылуунун жолун кылдаттыкта жана билгичтикте жасамак. О.э. Өмүркулов башка өлкөлөрдүн премьер-министрлери менен тил табышып, теңата сүйлөшө алмак. Анда эмнеге чоң сыноодо багы ачылбай келатат? Бир гана өксүгү бар: Атамбаев ага ишенбейт, кызганат. Азыр деле «досунун» таасири күчтүү эй…

Чыныбай Турсунбеков да саясатчы катары бараандуу фигурага айланып калды. Кырдаалдан чыгуу, жол тапкычтыгы жагынан мастер. Балким аткаруу кызматында тажрыйбасы жетишсиз болушу мүмкүн, бирок уюштургуч катары эптүү. Бүгүнкү күндө премьер-министр болууга ак эткенден так этип, амбициясы ашынып турат. Эсиңерде болсо керек, былтыр президенттик шайлоо астында Сооронбай Жээнбековго атаандаш ка­тары чыга турганын билдирип, оюнчу катары жаман көрүнүп алган жайы бар. Бу саам кайсы бир күчтөр аны колдогону менен кыялынын ишке ашуусу арсар. Себеби, түпкүлүгүндө ишкер, акчаны ашкере сүйгөн адамдын өкмөт башына келиши опурталдуу, аягы коррупциялык жаңжалдар менен аяктаган көрүнүштөрдү буга чейин баштан кечирбедик беле?..

Кубанычбек Кулматов кыргыз тилин анчейин билбегени менен карьералык секирик жасоодо өтө жолдуу. 2010-жылдан кийин бажы кызматынын төрагасы, Чүй облусунун губернатору, Бишкек мэри, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун башчысы, Улуттук банктын төрагасы жана учурда кайрадан бажы тармагын бийлеп турат. Бир топ мамлекеттик чоң кызматтарды аркалаган жетекчи катары такшалып да калды. Баса, башка саясатчылардай душмандары де­ле жок. Чын эле президент Жээнбеков тарабынан колдоо болсо, Кулматов пар­ламенттин тилин оңой эле табат. «Токочу бар бала сүйгүнчүк» дегендей, заман капчыктуулардыкы эмеспи. Анүстүнө, учурда үлгүлүү чиновник катары да көрүнө баштады. Дагы багы жанса, эмне­ге өкмөт башчы болбосун? Ишти жөнгө салып кетет. Бир гана кемчилиги – улутчулдук сезими жетишсиз экени аксатат…

Абдил Сегизбаев УКМКны башкарып, кожоюнга берилген, ишенимдүү жандооч катары өзүн көрсөтө алды. Ошого катар бир топ саясатчыларды камакка алууда активдүүлүгүн көрсөттү. Албетте, жеке керт башына ченебей көп душман ашырып, келечеги үчүн кыйла эле сарсанаага батып жүргөнүн байкайбыз. Шефи Атамбаев акыркы дүрмөтүн колго алгандай сүрөсө, Сегизбаев өкмөт башчы болуудан баш тартмак беле? Түпкүрүндөгү максаты ишке ашкандай болот да. Сапар Исаков эптей албаган өкмөттү жөн эле жөнгө салмак. Тилекке каршы, Абдил мырзанын талапкерлиги көтөрүлгөн сааттан тарта саясый талаада нааразычылык акциялар жаралып, алдын ала бөгөт коюулар башталат. Жарандык коом, бейөкмөтчүлөр, дээрлик оппозициячыл күчтөрдүн баарысы «найзаларын сунуп» алышып, тынчыбай кыйкырып турушары бүгүнкү күндүн чындыгы да. Элестетип көргүлө, иш башында чуулган жаралса, аягы кандай бүтөрүн?..

«Кул жейм дейт куйрукту, Кудай би­лет буйрукту» демекчи, булардан сырткары да билинбей жаткан талапкерлер күтүүсүз чыгып калышы мүмкүн…

Акын БЕКЧОРОЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу