Кенже Дүйшеева: «Сени илгертен бери билем, досум да, душманым да болгон эмессиң, жөн гана окуп бүткөн китебимсиң!»-деп Айжамалга айттыбы?

Ырчы Айжамал Кабылова жеке баракчасы аркылуу кимдир бирөөгө: «Бир кезде дос болуп жүрүп, душманга айланган инсанды кечээ көрүп аябай боорум ооруду. Бир убакта сүйлөгөн сөздөрүбүз айланып өзүбүзгө келээрин унутпайлы, кайтаар дүйнө бул»-деп жазган. Ырчы кандайдыр бир себептер менен билдирүү калтырган бөлүгүн жаап койгон.

Андан бир аз убакыт өтпөй эле Кыз-Бурактын илгерки солисткасы, кыздардын жетекчиси болуп жүргөн Кенже Дүйшеева: «Өйдө карап түкүргөн түкүрүгүң өз көзүңө түшүп жатканын сез. Айткан тилектериң өз башыңа айланып жатканын туйгуң. Мумкүн кайтып келген кайтаар дүйнөң сенин. Кыздын кыялы төркүнгө маалым дегендей, сени тээ илгертен билем, сен илгери кийин досум да, душманым да эмессиң. Жөн гана окуп бүткөн китебимсиң!»-деп жазды.

Чындыгында, эки ырчы аттарын ачык айтпаса дагы жашыруун түрдө бири-бири менен айтышып жаткандарын байкоого болот. Бул тууралуу Кенже Дүйшеева дагы, Айжамал дагы азырынча комментарий беришкен жок.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу