Кенже Дуйшеева: «Ырчы элдин жүрөгүндөгү дартты көбүрөөк ырдаса ошол маңыздуу»

Белгилүү ырчы жана продюссер Кенже Дуйшеева “Аппак гүлдөр” деп аталган жаңы ырын күйөрмандарынын сынына койду.

“Жүрөктүн түпкүрүнөн жаралган чыгармалар же аткарылган ырлар ар дайым элдин жүрөгүндө болот. Албетте жылдар өткөн сайын жаңыча жаңы муундар тарабынан аткарылып, өз угармандарын дагы жаңы багытка үндөйт.Ырчы өз дүйнөсүн чагылдырган ырдан көрө, элдин жүрөгүндөгү дартты көбүрөөк ырдаса ошол маңыздуу деп эсептээр элем”-дейт ырчы.

Ырдын обону Өкмөт Сапар уулуна таандык.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу