Келбетиңизге туура келген каш формасы

Кашыңыздын формасы келбетиңизге туура келеби?

Каш формаңызды текшерип көрүнүз, туура келбесе, биз сунуштаган үлгүлөргө көңүл буруңуз:

Төрт бурчтуу бетке туура келген каш формасы

Каштын баш жагы калың болуп келет да, ортосунан баштап, түз сызык болуп аякталат.

Алмурут типтеги беттерге кандай каш формасы жарашат?

Каштын калың болуп келген, баш жагы көздүн ички бурчунан ашып, каштын арт жагы чекеге карай кериле, жукара түшөт.

Тик бурчтуу бет формасы үчүн…

Каштын ортосунан баштап ичкерип, жогору карай бүткөн каш формасы.

Тоголок беттерге…

Тоголок жүздүү кыздарга жогору көтөрүлүп барып, төмөн ийилген каштар жарашат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу