Качып жүргөн Аскардын байлыгы…

Азыр Кыргызстандан качып жүргөн Аскарбек Шадиевдин байлыгы аныкталды. Элди тоноп, анысы аз келгенсип качып кеткен Аскарбек Шадиевдин акыркы кызматы ЖКда вице-премьер болуп иштеген. Ал 2017-жылы 976,59 сом киреше тапкан. Шадиевдин 715 сомдук эмереги, 120 миң сомдук үй-тиричилик техника жана 86 миң сомдук телевизору бар. 420 чарчы метр жана 359 чарчы метр эки үйү бар. Мындан сырткары, “Карвен группа” ишканасында 50% акциясы бар. ОсОО “Бината” дагы Шадиевге караштуу. Шадиевдин туугандары 2017-жылы 78 млн 962 миң 257 сом киреше тапкан. Алардын 1000 чарчы метр имараты жана Toyota Land Cruiser-100 унаасы бар. Бир нече компаниялар туугандарына катталган. 1. ОсОО “Карвен 4 сезона” – 33,33%; 2. ОсОО “Континенталь” – 33,33%; 3. ОсОО “Аква инвест плюс” – 33,33%; 4. ОсОО “Трейд инвест” – 100%; 5. ОсОО “Союз Инвест” – 100%. Бул «беглый» саясатчынын бардык мүлкү эмес болушу керек, мындан башка дагы мүлктөрү бар экендигинен шек санабайбыз.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу