Карыбаева да камалабы?

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш ишин карап жатат. Бул кылмыш иши боюнча сотко учурда абакта жаткан Сапар Исаков, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да катышып жатат. Бул чуулгандуу ишти, чуулгандуу судья Айбек Эрнис уулу кароодо. Айрымдар Карабаеванын башына да кара булут каптай баштаганын айтышууда. Себеби, тарых музейинен аз эмес, бир нече миллиондор жең ичинен желип кеткен. Андыктан, бул ишке жалгыз Исаков эле жооптуу эмес…

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу