Каныбек Осмоналиев: “Кечээ эле оозго алгыс сөздөр менен акыйлашып жүрүп, күмөндүү перспектива үчүн бири-бирине көрүнө эле жагалданышканы алардын деңгээлин көрсөттү”

Алмаз  Атамбаев менен Нариман Түлеевдин селфиси талкууга алынып, түрдүү кептердин чыгышына жем таштаганын  эске алып, NazarNews.kg агенттиги айрым жарандарыбызга кайрылып, саясый селфи Кыргызстандын саясатында акылга сыйбаган көрүнүшпү деген суроо узатты…

-Таза саясатты принципке катуу турган гана инсандар аткара алышат. Алардын эмнени көздөп алектенгенин эл даана көрүп-билип турушу абзел. Ошондо гана ага ишеним артат. Ал сөзүндө турган саясатчы дейт дагы анын артынан ээрчип, колуна-кол, бутуна- бут болот. Кечээ эле оозго алгыс сөздөр менен акыйлашып жүрүп, күмөндүү перспектива үчүн бири-бирине көрүнө эле жагалданыштары алардын элдин алдында олуттуу мамалекеттик деңгээлдеги же тарыхый ишмерлер боло албай калгандарын көрсөтүп турат! Өсүп келе турган жаш саясатчыларга бул көрүнүш уят эле иш болду.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу