Канат Исаев өлкөдөн безип качтыбы?

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаевге байланыштуу ишти Башкы прокуратура УКМКга өткөрүп берди. Кезинде Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесинин авторлорунун бири болуп, анан маселе чечүүчү учурга келгенде айнып, куйругундагы калбыры барын эске албай, бийликке сын айта коём деп, кадамынан жаңылган Исаев бүгүнкү күндө жан аргасын таппай жатат. Текебаевди жактап жаткан эргул, ал камалаары менен ак же көк дегенге жарабай, башын кумга тыккан төө куштун кейпин кийди. Эми УКМКга иши өткөрүлүп бергенин угаары менен чет өлкөгө жылт коюптур. Бирок Садыр Жапаровчосунан маалымат булактары аркылуу “Мен бийликтен коркпойм, 10-апрелде Кыргызстанга кайтып барам” – деп күпүлдөптүр. Баатыр болгондордун абалын көрүп жатабыз, Канат мырза дагы канаты кайрылганда, мышык кейпин кийбесе болгону…

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу