Камыш кайсы ооруга дары?

Камышты дүйнөнүн бардык жеринен тапса болот жана ал өтө пайдалуу өсүмдүктөрдүн бири болуп саналат. Аны “Көлмөлөрдүн байлыгы” деп дагы атап коюшат. Ал көлчүктөрдүн жанында өсөт: күрөң түстөгү уругунан аны бат эле аныктоо мүмкүн. Эрте жазда тамырын дарычылык үчүн жесе да болот. Кеч жазда же болбосо эрте жайда аны жалбырактарын тазалап, ичиндеги гүлүн табууга болот. Гүлү жүгөрүнүн даамына окшош, аны тамак катары пайдаланып жесе болот. Камыштан жасалган компресс жаракат алганда, денени күйгүзүп алганда же курт- кумурскалар чагып кеткенде колдонсо, чоң жардамын тийгизет. Андан сырткары камыштын жалбырагынан ар кандай кутуларды, күндөн калкалоочу чатырларды (навестерди) жасап алышканын көрүп жүрөбүз.

БУЛАК:Тамчы

Аргумент.kg
Жооп калтыруу