Камчы Көлбаев эмне менен алек?

Мыйзамдагы ууру аттыккан Камчы Көлбаевдин абалы учурда тынч. Ага каршылаш болуп жүргөн Рысбек Акматбаевдин ишенимдүү жигиттеринин бири Максат Абакиров экөөнүн ортосундагы мамиленин кандай экенине кызыккандар көп. Экөөнү Эркин Мамбеталиев жараштырганы чындык. Бирок Камчы менен Максаттын ортосунда мамиле жок. Эгер ыңгайы келип калса, бири-бирине кол салышы да мүмкүн. Анткени, Максат Абакировдун Көлбаевге карата кеги бар. Максаттын жок жерден караланып, түрмөгө отуруп калышына Камчынын чоң салымы бар. Максат өч алмайынча тынчыбашы да мүмкүн. Балким аны тымызын өлтүртүп койбосо эле. Азырынча булардын тынч жатканы жакшы. Болбосо Бакиевдин тушундай болуп, криминалдар башка чыгышы мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да бул эки жигит биригип, жашоону башынан баштап, Ысык-Көл үчүн көзгө көрүнө турган жакшы иштерди баштап койсо, эл өзү таразалап алат эле.
Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу