Калыстык тууралуу Каптагаев ооз ачпай эле койсо…

Эмилбек Каптагаев учурда Атамбаевди жамандаган “дүжүрдүн” ролун катуу аткарып жатат. Бийликтен катуу тапшырма алганбы, кайсы жерде жыйын болсо, ошол жерден төбөсү сорок этип, чү дегенде эле Атамбаевди каралоодон баштайт. Ал үчүн бийлик тараптан кандай шарт коюлуп, эмне убада кылынганын ким билсин, айтор “кол жоолук” катары жакшы эле кызмат өтөп, төбөсүнөн “көк буу” чыкканча аракет кылууда. Качан “Мавр өз ишин аткарды” болуп, “таштандыдай” жээкке серпилип кереги жок болуп калаар экен?.. Ага дейре колунун келишинче ички ыза, бугун чыгарып, кошоматты катыра берсин… Эгер чындык, калыстык үчүн өткөн бийликтин кемчилигин айтып жаткан болсо, анда азыркы бийликке жагынбай, учурдагы каталыктарды дагы айтыш керек болчу. Ысык-Көл облусун жетектеп турганда барымтада калып, анын айынан Садыр Жапаров камалып кетти. Өзү иштин көзүн билбеген шалаакылыгынан ишсиз калды. Ошондон кийин кызматсыз жүрүп, Атамабевге кек сактап калды. Эми ошол “койнундагы котур ташын” коомго айгинелеп жаткан чагы…

Булак: Багыт

Аргумент.kg
Жооп калтыруу